КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясынын (7-чакырылыштагы) жыйыны
2024-жылдын 30-январы № 27/2
Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасынан өрт өчүрүү имаратын куруу жөнүндө
Кызыл-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасына өрт өчүрүү имаратын куруу максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасынан бөлүнгөн жерге өрт өчүрүү имараты курулсун.
2 Тийиштүү кагаздарын бүтүрүп берүү жана демилгелүү топ түзүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Зарипбеков
|