Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык кенешинин (VI–шайланган) кезектеги он алтынчы сессиясы

2023 -жылдын 10-февралы № 16

 

Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин 2022-жылдын ичинде аткарылган иштери жана 2023-жылга түзүлгөн иш пландары жөнүндө

Капчыгай айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин 2022-жылдын ичинде аткарган иштери жана 2023-жылга түзүлгөн иш милдеттери тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1. Капчыгай айыл аймагынын социалдык –экономикасын көтөрүү максатында Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбектин 2022-жылдын ичинде аткарган иштери жана 2023-жылга түзүлгөн иш милдеттери тууралуу маалыматы «Канааттандыраарлык» деп табылсын.

 

2. 2022-жылдын ичинде Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбекке төмөнкүлөр милдеттендирилсин:

-айыл өкмөттүн аймагындагы түзүлгөн стратегиялык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;

-жамааттык топтор,бей өкмөт уюмдар менен терен байланышта иш алып баруу;

-жайыттарды,эгин талааларын коргоону жөнгө салуу;

-социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу;

-калктын аярлуу катмары менен иштөө маселелерин жолго коюу;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

С.Калыбаев