Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 19- апрели №1
“Д.Садырбаев айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын бекитүү жөнүндө”
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 19-апрель чыгыш №01-35/73 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал Абад облусунун Ноокен районунун Д.Садырбаев айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Д.Садырбаев айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Д.Садырбаев айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Тоскоол - Ата токой чарбасында турган калктуу конуштарды Д.Садырбаев айыл аймагына кошууга макулдук берилсин.
3. Д.Садырбаев айылдык кеңешинин төрагасына жана Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | М.Култаев |