Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы

 

2023-жылдын 26-июну № 2

 

Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышынын депутаттардын XXIII сессиясында бекитилген №3 токтомунда каралган акча каражаттан беренеден беренеге жылдырууга толуктоо киргизүү жөнүндө

2023-жылдын 22-мартындагы № 3 токтомунда каралган акча каражаттан беренеден беренеге жылдырууга, толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөттүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкулованын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.

2. Бекитилген сметага турак жай жана коммуналдык бөлүмүнөн 2215(дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесинен 35000(отуз беш миң) сом акча каражатын 2222 (жабдуулар жана материал сатып алуу)беренесине жылдырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы КЭБ башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.