Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы

 

2023-жылдын 26-июну № 6

 

2023-жылдын 6-айынын жыйынтыгы менен Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бекитилген сметасына каржы (финансы) министрлигинен келген такталган планга толуктоо киргизүү жөнүндө

2023-жылдын 6-айынын жыйынтыгы менен Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бекитилген сметасына каржы (финансы) министрлигинен келген такталган планга толуктоо киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөттүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкулованын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.

 

2. Бекитилген сметага каржы (финансы) министрлигинен келген такталган пландын негизинде аппарат бөлүмүнөн 2111(маяна) статьясынан 1036100 (бир миллион отуз алты миң бир жүз) сомду III кварталдан II кварталга жылдырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.