БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы
2023-жыл 12-сентябры № 1
Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы үчүн келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы үчүн келип түшкөн 292 600 (эки жүз токсон эки миң алты жүз) сом акча каражатын бөлүштүрүп берүү максатында Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2221 (мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгым) беренесине Боо-Терек айылында жайгашкан Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн №12 милициянын аймактык пунктунун кеңсесин оңдоп-түзөө иштерине 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2221 (мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгым) беренесине айыл аймактын башында, аягында жайгашкан айылдын аталыштарын жаздырууга жана трассанын жээгиндеги макал-лакаптарды жаңылатып жаздыруу үчүн краска алууга 11300 (он бир мин үч жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2221 (мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгым) беренесине трансформаторду оңдоого 15000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесине трансформаторго мамлекеттик акт алууга 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Турак-жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесине 3245 (үч миң эки жүз кырк беш) сом акча каражаты ар кандай чыгымдарга бөлүнсүн.
5. Билим берүү бөлүмүнүн 2221(мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгым) беренесине Б.Сатыбеков атындагы орто мектебине 91055 (токсон бир миң элүү беш) сом акча каражаты (чон плитасын, холодильникти, котельный суу казанын оңдоого ж.б.) бөлүнүп берилсин.
6. Билим берүү бөлүмүнүн 3111 (имараттар жана курулуштар) беренесине Д.Дуйшебаев атындагы орто мектептин ремонтуна-112000 (жүз он эки мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. Маданият бөлүмүнүн 2215 (дагы башка көрсөтүүнү алуу) беренесине спорттук мелдештерге жана олимпиадага барууга 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Төрага |
| Мамыралиев А. |