ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык Кенешинин кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 11-январы № 22/1
“Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2023-жылдын 18-декабрындагы чечимин бекитүү жөнүндө
Өлкөбүздүн экономикалык,интелектуалдык жана рухий потенциялын арттырууга салым кошкон жарандардын эмгегин баалоо жана алардын элдин жана мамлекеттин алдында коомдук-маданий, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги эмгектерин таануу максатында Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2023-жылдын 18-декабрындагы №3 чечими бекитилсин.
2.“Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2023-жылдын 18-декабрындагы №3 чечимине ылайык, төмөндөгү жарандарга 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын жана “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” төш белгиси, ошондой эле Чалма айылдык Кеңешинин ардак грамотасы менен сыйлансын:
- Мамажунусов Макамбай,
- Жороев Нурбек Ибраимович.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын төрагасы Эрмекбаев Маматисага милдеттендирилсин.
Чалма айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыркулов |