Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 16-апрели  № 6/11-28

 

Ак-Кудук айыл аймагынын чегараларын аныктоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Ак-Кудук айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Кудук айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасына жана Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук мамлекеттик мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Ак-Кудук айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Кенжебек уулу А