АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели № 7/11-28
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №70 токтомун аткаруу боюнча Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 16-апрелиндеги №29/01-6 номурлуу тапшырмасын аткарууну карап жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын №924 контурунда жайгашкан “Токой фондусун жерлери” категориясындагы 3,50 га сугат жер аянты дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин жайгаштыруу жана куруу үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук мамлекеттик мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Ак-Кудук айылдык кенешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |