БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы
2023-жыл 12-сентябры № 6
Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан “Бош-Моюн” суугат каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан “Бош-Моюн” суугат каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институтунун Мамлекеттик ишканасынын алдындагы Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынан тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл аймагында жайгашкан “Бош-Моюн” суугат каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
4. “Бош-Моюн” суугат каналынын узун туурасын аныктап ченөө, каналга караштуу жер тилкелеринин аянтын кылдаттык менен чыгаруу, токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |