Редакцияот 12.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы

 

2023-жыл 12-сентябры № 7

 

Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан “Кара-Суу” селден коргоочу каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

Боо-Терек айыл аймагынында жайгашкан “Кара-Суу” селден коргоочу каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институтунун Мамлекеттик ишканасынын алдындагы Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынан тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл аймагынында жайгашкан “Кара-Суу” селден коргоочу каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Талас облусунун “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигине кайрылып, каттатып жана макулдук аныктамасын алдыруу жагы жүктөлсүн.

 

3. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл аймагында жайгашкан “Кара-Суу” селден коргоочу каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.

4. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.

 

5. “Кара-Суу” селден коргоочу каналынын узун туурасын аныктап ченөө, жер тилкелеринин аянтын кылдаттык менен чыгаруу, токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.