БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы
2023-жыл 12-сентябры № 8
Боо-Терек айыл аймагындагы чоң Талас каналынын жээгинде жайгашкан “Ак-Там” суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айыл аймагындагы чоң Талас каналынын жээгинде жайгашкан “Ак-Там” суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү маселени Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын XXVIII сессиясы карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институтунун Мамлекеттик ишканасынын алдындагы Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынан тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл аймагында жайгашкан “Ак-Там” суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Талас облусунун суу чарба башкармалыгынан макулдук берүү тууралуу иш кагаздарын алдыруу жагы жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл аймагында жайгашкан “Ак-Там” суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
5. “Ак-Там” суу сордуруучу курулмасынын астындагы жер тилкесинин узун туурасын аныктап ченөө, жер тилкелеринин аянтын кылдаттык менен чыгаруу, токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |