Редакцияот 20.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы

 

2024-жылдын 20-июну  № 19-5

Ат-Башы айылындагы автобекеткемуниципалдык менчикте турган жер аянтын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Ат-Башы айылындагы автобекетте Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги аркылуу капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу автобекеттин муниципалдык менчиктеги жерге чыгып кеткен  жер аянтын коомдук муктаждыкка берүүмаксатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         

1.   Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмү тарабынан берилген башкы планга ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган автобекеттин түштүк тарабындагы 150 (бир жүз элүү) чарчы метр жер аянтын Ат-Башы айылындагы автобекетке берүүгө макулдук берилсин;

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

 Э. Толубаев