ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык Кеңешинин кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 30-январы № 23/3
Чалма айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитип берүү жөнүндө
Чалма айылдык кеңеши, Чалма айыл өкмөтүнүн 30-январь 2024-жылдагы №2 токтому менен таанышып, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарын корректировка жүргүзүү боюнча “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы Ош филиалы даярдаган материалдардын жыйынтыгы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Даярдалган документтердин мыйзамдуулугун карап чыгуу жагы Чалма айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Табалдыевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.
Чалма айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыркулов |