Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык Кеңешинин кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2024-жылдын 30-январы № 23/4

Токбай-Талаа айылынын тургуну Козуев Бакытбек Токтомаматовичке көчөт отургузуу, көрктөндүрүү үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Токбай-Талаа айылынын тургуну Козуев Бакытбек Токтомаматовичке көчөт отургузуу, көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга жараксыз көчкү түшкөн кооптуу жерден 30 сотых жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Б.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Токбай-Талаа айылынын тургуну Козуев Бакытбек Токтомаматовичке көчөт отургузуу, көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга жараксыз көчкү түшкөн кооптуу жерден 30 сотых жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Б.Козуевдин маалыматы көңүлгө алынсын, көрсөтүлгөн жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.Бөлүнүп берилген жер аянтынын мыйзамдаштыруу жагы Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы З.Т.Оморовдон суралсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырамын.

Чалма айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Кадыркулов