Редакцияот 20.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы

 

2024-жылдын 20-июну  № 19-9

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык структурасына иш кагаздарын алып баруучу (ТТП)штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” токтомунун жергиликтүү кеңештердин штаттык санынын чеги бекитилген 5-тиркемесине ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

         

1.    Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык структурасынаиш кагаздарын алып баруучу (техникалык тейлөөчү персонал) штаттык бирдигикиргизилсин;

 

2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын алып баруучусунун айлык акысын мыйзам чегинде төлөп берүүжагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

 Э. Толубаев