БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 22-августу № 4
Боо-Терек айылындагы Нарбото, Туйтун А, Акылбеков Омор көчөлөрүнүн жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айылындагы Нарбото, Туйтун А, Акылбеков Омор көчөлөрүнүнжер тилкелерин, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында, Боо-Терек айылдык КеңешининXXXII чакырылышынын депутаттарынын XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы,Боо-Терек айылындагы Нарбото, Туйтун А, Акылбеков Оморкөчөлөрүнүнжер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
3. Боо-Терек айылындагы Нарбото, Туйтун А, АкылбековОмор атындагы көчөлөрүнүн узун туурасын аныктап ченөө, жер тилкелерининаянтын кылдаттык менен чыгаруу, токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.
4. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |