Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жыл 22-августундагы № 5

 

“Боо-Терек айылынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө

“Боо-Терек айылынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуужобону угуп,талкуулап Боо-Терек айылдык КеңешининXXXII чакырылышынын депутаттарынын XXVIIсессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Боо-Терек айылынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн,кабыл алынган жобого ылайык иш алып барылып,“Боо-Терек айылынын Ардактуу атуулу” наамыыйгарылсын. (Жобо тиркелет).

 

2. “Боо-Терек айылынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн токтомдун аткарылышын камсыздоо жана кабыл алынган жобо боюнча көзөмөл жүргүзүп иш алып барып ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын текшерип, кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүнжооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “ Регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.

 

 

 

Бекитемин:____________________

төрага Мамыралиев А.Т.

Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышынын 2023-жылдын

22-августундагы XXVII сессиясынын

№5 токтомуна тиркеме

 

“Ардактуу атуул” наамын  ыйгаруунун тартиби жөнүндө

 

ЖОБО

I. Жалпы түшүндүрмө

 

1.1 Бул Жобо Боо-Терек айылдыкКеңешинин “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу  тартибин аныктайт.

1.2 “Ардактуу атуул” наам ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары – айыл өкмөтү, айылдык Кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар,  көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.

1.3 “Ардактуу аттуул” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү кабыл алып, арыздарды  Жобонун талаптарына  ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык Кеңешке жөнөтөт.

1.4 “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп,  жалпы депутатттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон  тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;

1.5 Боо-Терек айылынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 5 адамга гана ыйгарылат.

 

II. Боо-Терек айылынын  “Ардактуу атуул” наамын  ыйгаруу үчүн негизги талаптар:

 

2.1 Боо-Терек айылынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;

2.2 Боо-Терек айылынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо-шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;

2.3 Айылга инвестицияларды алып келип, чоң курулуштарды курган бизнес  адамдарына, чет элдик адамдарга;

 

III. Айылдын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби

 

3.1 Боо-Терек айылынын  “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жүргүзүлөт.

3.2 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө,  Боо-Терек айылдык Кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.

3.3 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин  кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:

Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер  жеке жарандар, коомдук уюмдар  тарабынан сунушталган болсо:

• Талапкер  боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык   протоколдук чечими;

• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн  макулдук берүүсү;

• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;

• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;

• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);

Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер  мекеме, ишканалар  тарабынан сунушталган болсо:

• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун чечими;

• өмүр баяны,  мүнөздөмө, сунуш;

• “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айыл чарбасына, анын элге сиңирген эмгектери,алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;

• өздүк баракчасы сүрөтү менен;

• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

• паспортунун көчүрмөсү;

 

 

Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы

 

С.Саткыналиева