Редакцияот 20.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы

 

2024-жылдын 20-июну  № 19-11

Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу  колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесининменчигинде турган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” токтомуна ылайык Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу  колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесинин менчигинде турган жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүп алуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

           

1.  Таза суунун резервуары турган жер аянты Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу  колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесинин менчигинде тургандыктан 200 (эки жүз) чарчы метр жер аянтын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин;

  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагыАт-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

 Э. Толубаев