Редакцияот 20.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы

 

2024-жылдын 20-июну  № 19-12

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги кезексиз ХVIII сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” №18-2 токтомунаөзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Жаныбек уулу Анарбектин берген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги кезексиз ХVIII сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” №18-2 токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2.Ат-Башы айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулардын  жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелеринин 12-пунктундагы “жайкысын” деген сөздөн кийин “2024-жылдын 1-июнунан тартып 1-октябрына чейин”деген сөздөр менен толукталсын;

 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.  

Төрага

 Э. Толубаев