БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 22-августундагы № 6
Боо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине кылкандуу дан эгиндерин айдаган жарандардын ижара акысын төмөндөтүп бекитип берүү жөнүндө
Айылдык Кеңешинин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын №9 протоколу менен таанышып жана Боо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине арпа, буудай айдаган жарандардын Г.Жамгырчиевдин, М.Соорбековдун,К.Джуманазаровдун, Б.Абдрахмановдун, А.Тажыкановдун жана М.Эсенамановдун арыздарын карап чыгып, ошондой эле 2023-жылы кургакчылык болуп, суугат суусу тартыш болгондугун эске алып,Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кылкандуу дан эгиндерин айдаган жарандар Г.Жамгырчиев, М.Соорбеков, К.Джуманазаров, Б.Абдрахманов, А.Тажыканов жана М.ЭсенамановторБоо-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине төлөнө турган ижара акысы төмөндөгүдөйбаада төлөшсүн:
§ Ижара акынын көлөмү 1 гектар жер үчүн8100 сом болуп бекитилсин;
§ Ижара акынын ичинде Мамлекеттик соц.фонд жана салыгы камтылсын;
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |