Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 10-отуруму

2024-жылдын 25-январы № 10/1

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2022-жылга аткарылышы, 2023-жылга маалыматы, 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2025-2026-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2022-жылга аткарылышы, 2023-жылга маалыматы, 2024-жылга жергиликтуу бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2025-2026-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Сагынбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2023-жылга киреше бөлүгү 9377,8 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 2791,5 миң сом, теңдөөчү грант 6419,0 миң сом, атайын каражаттар 241,5 миң сомго республикалык бюджетген берилүүчү каражаттар (средства передаваемый) 294,7 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 9672,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2.Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 0434,6 миң сомго, анын ичинен теңдөөчү грант 6618,8 миң сомго, өздүк кирешеси 3815,8 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 140,0 миң сом) бекитилсин.

З.2024-жылга жергиликтуу бюджеттин киреше жана чыгаша белугунун долбоорунун планы 10868,6 мин сомго, анын ичинен: тендеэчу грант 6618,8 миц сом, ездук киреше 4249,8 мин сомго (анын цчинен атайын каражаттар 140,0 мин сом), 2026-жылга жергиликтуу бюджетгин киреше жана чыгаша белугунун планы 11408,6 мин сомго, анын ичинен: тендеечу грант 6618,6 мин сом, ездук киреше 4789,8 мин сомго (анын ичинен атайын каражатгар 140,0 мин сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.

4.Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражатгарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.

5.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Азимжановго милдеттендирилсин.

Кабылан-Көл айылдык

Кеӊешинин төрайымы:

 

З.Абдыкадырова