БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 22-августундагы № 7
Боо-Терек айылынынЖ.Дүйшеналиев көчөсү менен К.Жумакеев көчөсүнүнортосунда жайгашкан жакынкы жайытка кетүүчү кыска көчөнүн жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айылынынЖ.Дүйшеналиев көчөсү менен К.Жумакеев көчөсүнүн ортосунда жайгашканжакынкы жайытка кетүүчү кыскакөчөсүнүнжер тилкесин, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү депутаттардын сунушун карап чыгып, жана ал жерге СССР убагында 10000 вольттук электр чубалгы карагайлары орнотулгандыгын эске алып, талкуулап, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылынын Ж.Дүйшеналиев көчөсү менен К.Жумакеев көчөсүнүн ортосунда жайгашкан, тактап айтканда6-02-02-1001-0614 кодировкадагы огород жер тилкеси менен 6-02-02-1001-0615 кодировкадагы огород жер тилкесинин ортосундагы кыска көчөсүнө (переулокко) СССР убагында 10000 вольттук электр чубалгы карагайлары орнотулгандыгы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы, Боо-Терек айылындагыЖ.Дүйшеналиев көчөсү менен К.Жумакеев көчөсүнүн ортосунда жайгашкан,башкача айтканда6-02-02-1001-0614 кодировкадагы огород жер тилкеси менен 6-02-02-1001-0615 кодировкадагы огород жер тилкесинин ортосунда жайгашкан түштүк тарапка багытталган,жакынкы жайытка кетүүчү кыска көчөсүнүн (переулоктун)1024 квадрат метржер тилкесинайыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесининБакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |