Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жыл 22-августундагы № 9

 

Боо-Терек айылынын тургуну Шатманов Бакыткаээси жок, бош, аныкталган 6-02-02-1001-0017 кодировкасынын ичинде жайгашкан 6 сотых жер тилкени жеке менчигине бөлүп берүү жөнүндө

Боо-Терек айылынын Б.Осмонбеков көчөсү менен Кулмат көчөсүнүн ортосундагы ээси жок, аныкталган 6 сотых жер тилкени Шатманов Бакыттын жеке менчигине бөлүп берүү жөнүндөгү арызын талкуулап жана айылдык Кеңешинин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын2023-жылдын 3-августундагы Шатманов Бакыттын маселеси боюнча жазылган №8 протоколу менен таанышып, карап чыгыпБоо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы,Боо-Терек айылынын Б.Осмонбеков көчөсү менен Кулмат көчөсүнүн ортосундагы ээси жок, бош, аныкталган 6-02-02-1001-0017 кодировкасынын ичинде жайгашкан 6 сотых жер тилкени Шатманов Бакыттын жеке менчигине бөлүп берсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагыайыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.