Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жыл 22-августундагы № 10

 

Боо-Терек айылынын Ж.Дүйшеналиев көчөсүнүн6-02-02-1001-0622 кодировкадагы огород жер тилкеси менен 6-02-02-1001-0623 кодировкадагы огород жер тилкесинин ортосундагы түштүк тарапка багытталган, жакынкы жайытка кетүүчү кыска көчөнүн жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

Боо-Терек айылынын Ж.Дүйшеналиев көчөсүнүн 6-02-02-1001-0622 кодировкадагы огород жер тилкеси менен 6-02-02-1001-0623 кодировкадагы огород жер тилкесинин ортосундагы түштүк тарапка багытталган,жакынкы жайытка кетүүчү кыска көчөнүнжер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуужөнүндөгү депутаттардын сунушун карап чыгып жана ал жерге СССР убагында10000 вольттук электр чубалгы карагайлары орнотулгандыгын эске алып, талкуулап, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Боо-Терек айылынын Ж.Дүйшеналиев көчөсүнүн 6-02-02-1001-0622 кодировкадагы огород жер тилкеси менен 6-02-02-1001-0623 кодировкадагы огород жер тилкесинин ортосунда СССР убагында 10000 вольттук электр чубалгы карагайлары орнотулгандыгы эске алынсын.

 

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы, Боо-Терек айылынын Ж.Дүйшеналиев көчөсүнүн 6-02-02-1001-0622 кодировкадагы огород жер тилкеси менен 6-02-02-1001-0623 кодировкадагы огород жер тилкесинин ортосундагы түштүк тарапка багытталган, жакынкы жайытка кетүүчү кыска көчөнүн 600 квадрат метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.

 

3. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.

 

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.