ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын XХIII cессиясы
2023-жылдын 1-марты №23/1
Жерге- Тал айыл аймагында турган, ээси аныкталбаган, эски сарайлардын (мурда сарай салынып, бузулган) ордун жана баасын аныктоо менен айыл тургундарынын менчигине берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жерге- Тал айыл аймагында жайгашкан, ээси аныкталбаган, эски сарайлардын (бузулган) орду такталып, айыл ѳкмѳтүнүн балансасына ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Аныкталган эски сарайларды айыл тургундарынын менчигине берүүдѳ, комиссиянын корутундусуна ылайык, эки категорияга бѳлүү жѳнүндѳ сунушу жактырылсын.
3. 1- категорияга Балкыбек, Борду- Колот участкаларынан бери ички сарайларга кирсин жана сарай салуу үчүн 70,0 м/с (жетимиш миң сомдон),
4. 2- категорияга сырткы сарайлар кирсин жана сарай алуу үчүн 50,0 м/с (элүү миң сомдон) акча тѳгүү жагы каралсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Иманалиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Т.Орунбаев |