ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын XХIII cессиясы
2023-жылдын 1-марты №23/3
Жерге- Тал айыл аймагына караштуу Кашка- Суу участкасындагы (күн чыгыш тарабынан) Чомолдун оозу участкасынан туристик база уюштуруу үчүн жер аянтын ижарага берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кашка –Суу участкасынын күн батыш тарабынан орун алган Чомолдун оозу участкасынан 1 га жер аянты туристтик база уюштуруу үчүн айыл тургуну Асаналы уулу Кубанычбекке 2 (эки) жылдык мѳѳнѳт менен келишимдин негизинде берилсин.
2. Жеңил конструкция менен гана бѳлүнгѳн жер аянтына курулуш куруу, ижара акысын мѳѳнѳтүнѳн кечиктирбей тѳлѳѳ, келишимде кѳрсѳтүлгѳн талаптарды так аткаруу, жайыт жерлерин зыянга учуратпоо жагы ишкер Асаналы уулу Кубанычбекке милдеттендирилсин.
3. Келишимдеги талаптарды аткарылбаган шартта (башка багытта пайдаланса) мѳѳнѳтү бүтпѳгѳндүгүнѳ карабастан айыл тургундарынын сунушун эске алуу менен чыгарылган токтомду жокко чыгаруу жагы айылдык кеңешке, келишим мѳѳнѳтүн токтотуу жагы айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И.Иманалиевге жүктѳлсүн.
Тѳрага: | Т.Орунбаев. |