АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели № 10/11-28
Куураган көп жылдык бактарды кыюу жөнүндө
Айылдык кеңештин сессиясында “Ак-Кудук” муниципалдык ишканасынын директору Х.Раджаповдун айыл аймагындагы жашоочулардын өмүрүнө коркунуч туудурган куураган жана социалдык объектилердин имараттарын басып калуу абалында турган бак-дарактарды кыюу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кировское айылындагы мечиттин тегерегиндеги, Кировское айылынын кире беришиндеги жолдун четиндеги, ”Лапушка” балдар бакчасындагы, Хунчи айылындагы “Бала кербен” балдар бакчасындагы,Хунчи айылындагы маданият үйүнүнүн тегерегиндеги, Первомайское айылындагы “Бала дүйнөсү” балдар бакчасынын тегерегиндеги катуу шамал мезгилинде кулап калуу коркунучу бар /терек,карабак/ дарактарды кыюуга уруксат берилсин.
2. Кыйыла турган бак-дарактар тууралуу айыл өкмөтүнүн аппараты менен муниципалдык ишкана тарабынан акты түзүлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |