Редакцияот 31.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин IIIV чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясынын

 

2024-жылынын 31- майы № 165/35-8

 

“« Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын Көк-Бел участкасындагы Кара- Суу суусуна чакан ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндө ”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн, “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 Токтомунун 6-пунктун жетекчиликке алып, Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгынын башчысы К.А.Таштанкулованын “Көк-Бел Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын Көк-Бел участкасындагы Кара-Суу суусуна чакан ГЭС курууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Н.Кыргызалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XХХV сессиясы

Токтом кылат:

1.    “Көк-Бел Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын Көк-Бел участкасындагы Кара-Суу суусуна чакан ГЭС курууга макулдук берилсин.

2.    “Көк-Бел Энерго” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 3 жылдын ичинде Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылынын Көк-Бел участкасындагы Кара-Суу суусуна чакан ГЭС курулбай турган болсо, бул токтомду жокко чыгаруу маселеси каралсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), муниципалдык менчик башкармалыгына ( М.С.Курамаев) ), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н.Кыргызалиев) жүктөлсүн.

 

Төрага:

Ч.А. Кимсанов