Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 16-апрели  № 11/11-28

 

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Айылдык кеңешинин сессиясында Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Бажы инфраструктурасы “ мамлекеттик ишканасынын Ак-Кудук айыл аймагынын №446 контурунда жайгашып ишмердүүлүгүн жүргүзүп аткан убактылуу сактоочу кампасынын иштөө процессинде жүк ташуучу унаалардын көбөйүп жыйылуусунун натыйжасында айлампа жолдун бөлүгүндө жол-транспорттук окуяларынын санынын жогорулашы боюнча катын карап жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан Кант-Черная речка жолунун чыгыш тарабынан жана мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин тилкесин кесип терминалдын түштүк бөлүгү боюнча жүк ташуучу унаалардын кезек менен коопсуз терминалга кирип-чыгуусу үчүн альтернативдүү жана коопсуз кыймыл менен камсыз болгон жол куруу үчүн 1,80 га сугат жерин “айыл чарба жерлери” категориясынан “өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Ак-Кудук айылдык

кеңешинин төрагасы

Кенжебек уулу А