Редакцияот 25.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2022-жылдын 25-ноябры № 28-14/69

 

Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 16- ноябрындагы № 262 сандуу буйругун, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 260-б сандуу буйругун аткаруу максатында жана айылы өкмөтунүн 2022-жылдын 06-октябрындагы № 174 сандуу буйругунун негизинде токтом кылат:

 

1. Айыл аймагы боюнча Улуттук тазалык күнү деп жыл сайин сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде айыл аймагын көрктөндурүу, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иштелип чыккан эережелер бекитилсин. ( №1 -тирекме тиркелет)

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Узенбековко тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

У.Кенжегараева

 

 

 

№ 1-тиркеме

БЕКИТИЛДИ

Кайыңды айылдык кеңешинин

2022-жылдын 25-ноябрындагы

№ 28-14/ 69 токтому менен

 

Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү жана натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планын аткаруу жана айыл аймагын көрктөндурүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иштелип чыккан эережелери

№

Көрктөндурүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эережелер

Каржылоо булагы

Күтүлүүчү натыйжа

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга милдеттүүлөр

Аткаруу үчүн көрүлгөн иш-чаралар чаралар

1

Айыл аймагына караштуу конушту айылдарды жашылдандыруу

Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр

Конуштуу айылдарды жашыл зонага айландыруу, айыл тургундарынын саламаттыгын сактоо

2023-2025 ж.ж.

Айыл башчылар

Бак дарактардын көчөттөрүн сатып алууга табыштама дайындоо.

2

Конуштуу айылдарды көрктөндүрүү

Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр, айыл тургундары

Конуштуу айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жана жаңы конуштарда салына турган турак үйлөрдүн архитектуралык, этикалык, эстетикалык планын түзүү.

2023-2025 ж.ж.

Айыл өкмөтү,

айыл башчылар, жергиликтүү жамааттар

Айылдардын абалын жакшыртуу боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

3

Конуштуу айылдардын тазалыгын сактоо

Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр, айыл тургундары

Айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, катуу тирчилик таштандыларды иретке келтирүү жана атайын таштоочу жайлардын абалын жакшыртуу.

2023-2025 ж.ж.

Айыл өкмөтү,

айыл башчылар, жергиликтүү жамааттар

Таштандыларды чыгаруу жана аларды сорттоо боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

4

Айыл аймагынын тургундарынын арасында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча чараларды көрүү

Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр

Мектеп окуучулардын арасында мыйзамдуу-лукту жана тартипти сактоо боюнча тегерек сторлодорду, ачык сааттарды жана кесипкөй үлүгү көрсөтө ала турган абройлуу инсандардын катышуусу менен жолугушууларды өткөрүүнү уюштуруу.

2023-2025 ж.ж.

Айыл өкмөтү,

айыл башчылар, мектептердин администрациясы, мекеме уюмдардын жетекчирери, мамлекеттик эмес уюмдар.

Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнугүүсү жана дене тарбиясын өнүктүрүү

5

Айыл аймагына караштуу көрктөндурүү, жашылдандырууга берилүүчү жерлерди аныктоо

Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр

Конуштуу айлдарда эс алуу парктарды уюштуруу.

2023-2025-ж.ж.

М.Мызаев, айыл башчылар

Айыл аймагынын Стратегиялык өнүгүү планына киргизүү

 

 

Айыл өкмөтүнүн башкы адиси

 

М.Мызаев