Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 16-апрели  № 12/11-28

 

Киров айылындагы эки кабаттуу турак үйлөрдүн саркынды сууларын негизги тутумдан кесүү жөнүндө

 

Айылдык кеңешинин сессиясында Киров айылынын Зеленая көчөсүндө жайгашкан көп квартиралуу эки кабаттуу үйлөрдөн чыккан саркынды суулардын жагымсыз жыты айлана-чөйрөгө зыянын тийгизип жаткандыгын жана андан чыккан саркындылар жакынкы көлмөгө куюлуп жаткандыгы тууралуу маселени карап чыгып айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Киров айылынын Зелёная көчөсүндөгү көп квартиралуу эки кабаттуу үйлөрдүн саркынды суулар агып чыгуучу тутуму негизги тутумдан ажыратылып кесилсин жана ар бир квартира ээлери өзүнчө саркынды суу септигин орнотуу милдеттендирилсин.

2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө жана муниципалдык ишканасына:

- тутумдун ажыратып кесүүнүн алдында алдын ала бул үйлөрдүн тургундарына билдирүү берилсин.

 

 

Ак-Кудук айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Кенжебек уулу А