УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели № 4/II
Узун-Кыр айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Узун-Кыр айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасына жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | К.Б.Сманов |