Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 19-апрели  № 8/II

 

Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 « Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомунун алкагында Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, ошондой эле муниципалдык ишкананын иштөөсү үчүн шарттарды тузүү максатында, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасы үчүн «Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу » долбоору бекитилсин .

2. .«Муниципалдык ишканага керектүү жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу» долбоору Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К.Б.Сманов