УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели № 13/II
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 28-февралындагы №03-53/234 Н.О.Джаманкуловдун турак үйүндө өрт кырсыгы болгондугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө арызын карап жана талкуулап, Ысык-Ата райондук ӨК бөлүмүнүн 2023-жылдын 08-декабрындагы №380 маалым каттын негизинде
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак үйүндө өрт кырсыгы болгондугуна байланыштуу Джаманкулов Нурбек Орозаевичке 10 000 (он миң) сом суммасында материалдык жардам көрсөтүлсүн
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн СЭБнүн башчысы Г.Жумакановага жүктөлсүн
Төрага | К.Б.Сманов |