Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 10-июлундагы № 72-нпа буйругуна КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ __________________________________________________________________________________ Курулуштагы ченемдик документтер тутуму БЕТОН ЖАНА ТЕМИР-БЕТОН КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ. НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР Бетонные и железобетонные конструкции. Основные положения Concrete and reinforced concrete structures. General provisions КР КЧ 52-02:2022 жаңыртылган редакциясы Киргизүү датасы – 2024.07.26 1 Колдонуу чөйрөсү 1.1 Ушул курулуш ченемдери Кыргыз Республикасынын климаттык шарттарында (50°С жогору эмес жана минус 70°Сден төмөн эмес температуранын системалуу таасири менен) ар кандай багыттагы имараттардын жана курулмалардын бетон жана темир-бетон конструкцияларын долбоорлоого карата колдонулат, агрессивдүү эмес даражадагы таасири бар чөйрөдө. 1.2 Ушул курулуш ченемдери оор, майда бүртүкчөлүү, жеңил, ячейкалуу жана алдын ала чыңалуудагы бетондон жасалган бетон жана темир-бетон конструкцияларын долбоорлоого карата талаптарды белгилейт. |