Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 19-апрели  № 15/II

 

Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине жер участогун, суу мунаралары менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги № 32 “ЖЧК СМК компаниясынын директору Майрамбек уулу Сыргактын жеке жер участогун, суу мунаралары менен акысыз муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”кайрылган катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинини 2-пунктуна ылайык, ошондой эле Узун-Кыр айыл аймагына караштуу 323 контурда жашаган жашоочуларды таза суу менен камсыз кылуу максатында,Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Кыдыргычов Эрлан Жолдошбековичтин жеке менчиктеги аянты 1790,00 ч.м. короо жай жер тилкеси аймактагы калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн курулган суу мунаралары, болгон жабдуулары менен акысыз негизде алууга макулдук берилсин, жайгашкан дареги: Узун-Кыр айыл аймагы, Проектируемая көчөсү №3593 идентификациялык номери 7-04-16-0009-4819

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги жер участогун, курулган суу мунараларын, жабдууларын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К.Б.Сманов