Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү

сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты № 5

 

Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрдигинин 2023-жылдын 20-апрель айында кабыл алынган №154-НИ “Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү” буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кыргызстан айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып Кыргызстан айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кыргызстан айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо материалдарынын жыйынтыгына оӊдоо-түздөө иштерине киргизилген өзгөртүүлөр материалдары беитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ,Кыргызстан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Оморов