Редакцияот 02.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын  2-июну  № 19/V

 

«Кант жылуулук менен жабдуу» ишканасынын Ново-Покровка айылындагы № 6, № 7 жылуулук отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө”№ 265 токтомун жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 31-майындагы № 2252 сандуу “Узун-Кыр айылдык кеңешине “Кант жылуулук менен жабдуу” ишканасынын балансындагы Ново-Покровка айылында жайгашкан №6, № 7 отканаларын жана тиешелүү баардык жабдууларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” сунушун ишке ашыруу максатында,

Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл аймагындагы Ново-Покровка айылындагы №6, №7 отканаларын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Аталган отканаларды муниципалдык менчикке мыйзам чегинде кабыл алуу жагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Алыбаевге милдеттендирилсин.

3. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынган №6 жана №7 отканалар, кайрадан «Кант жылуулук менен жабдуу» ишканасынын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилсин.

4. Ушул токтомго ылайык, 2028-жылга чейин №6 жана №7 отканаларга кызмат көрсөтүү жана жылуулук менен камсыздоо жагы “Кант жылуулук менен жабдуу” ишканасына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К.Б.Сманов