Редакцияот 09.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIV-сессиясы

 

 

2022-жылдын 9-декабры № 140

 

Бала бакча курууга макулдук берүү жөнүндө

Арал айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түндүк тарабындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү, бош жаткан жерге типтүү бала бакчанын имаратын куруу жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

 

1. Арал айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түндүк тарабындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү бош жаткан № 504 контурундагы 0,90 га жер участогуна типтүү бала бакчанын имаратын курууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.С.Кыдыров