Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү

сессиясы

 

2024-жылдын 17-апрели № 10

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймагынын жана шаарларынын деӊгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кыргызстан айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кыргызстан айылдык кеӊеши төмөкүдөй чечим кабыл алды;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстан айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2. Кыргызстан айылдык кеӊешинин төрагасына жана Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Манас райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

К. Оморов