Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү

сессиясы

 

2024-жылдын 17-апрели № 14

 

“Таза суунун скважинасын орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

Кыргызстан айылдык аймагына караштуу Көк-Дөбө айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында 121- контурдун түштүк чыгыш тарабынан таза суунун скважинасын орнотуу үчүн Кыргызстан айылдык кенеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Дөбө айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында №121 контурдун түштүк чыгыш тарабынан таза суунун скважинасын орнотуу үчүн 0,3га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын жана тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Кыргызстан айыл өкмөтунун жер маселелер боюнча башкы адис Н.Абдрахмановго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Оморов