АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2023-жылдын 3-февралындагы № 151
Арал айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Арал айыл аймагынын 2024-2025 –жылдын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл айыл аймагынын 2024-2025-жылдардагы бюджетин божомол долборунун кирешелер бөлүгү 2024-жылга 18085,1 мин сом, 2025-жылга 18722,9 мин сом, өлчөмүндө белгиленсин.
2. Арал айыл аймагынын 2024-2025-жылдардагы бюджеттин долбоорунун киреше булактары № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. Арал айыл аймагынын 2024-2025-жылдардагы бюджеттин божомолдуу долбоорунун чыгашалар бөлүгү 2024-жылга 18085,1 мин сом, 2025-жылга 18722,9 мин сом өлчөмүндө белгиленсин .
4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдөө ,айыл аймактык кенешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| А.С.Кыдыров |