Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 153

 

Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү жөнүндө

Арал айыл өкмөтүнүн АЖМФ 312 кайракы жерлерин ижарага берүү

максатында Арал айыл өкмөтүнүн аймагында жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Арал айыл өкмөтүнүн АЖМФ жерлерин ижарага берүү максатында

Арал айыл өкмөтүнүн аймагында жер Комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн. Алар:

§  Б.Сыдыгалиев - Арал айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;

§  К.Ибраимова – Арал айыл өкмөтүнүн катчысы, комиссиянын катчысы;

 

Мүчөлөрү:

 

§    А.Кыдыров –Арал айылдык Кеңешинин төрагасы,

§    Сагындык уулу Бек- Арал айылдык Кеңешинин депутаты;

§    Талас райондук а/ч департаментинин өкүлү- макулдашуу менен ,

§    А.Көчөрбаев – Арал айыл өкмөтүнүн башчысы;

§    К.Азаматов - Аксакалдар Сотунун мүчөсү;

2. Жер комиссиясынын иш регламенти № 243 токтому менен жактырылган АЖМФнын жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде алып барылсын жана бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

А.С.Кыдыров