Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 157

 

Айылдагы мечиттерге керектелген электр энергиясынын төлөмдөрү үчүн акча каражаттын бөлүү жөнүндө

Айылдык Кеңештин төрагасынын айылдагы мечиттерге керектелген электр энергиясынын төлөмдөрү үчүн акча каражаттын бөлүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Айылдагы 4 мечитке керектелген электр энергиясынын төлөмдөрү үчүн жергиликтүү бюджеттин 2215-беренесинин ар кандай чыгымдар бөлүмүнөн 60 миң сом акча каражаты (Ар бир мечитке 15 миң сомдон) бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.С.Кыдыров