АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2023-жылдын 3-февралындагы № 158
Айылдык китепканага керектүү жабдууларды алып берүү жөнүндө
Айылдагы № 3 айылдык китепкананын башчысы Г.Жаналиеванын айылдык китепканага керектүү жабдууларды алып берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:
1. Айылдагы №3 айылдык китепкананын башчысы Г.Жаналиеванын айылдык китепканага керектүү жабдууларды алууга жазган арызы бюджеттин тартыштыгынан 9 айдын жыйынтыгы менен аткарууга алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| А.С.Кыдыров |