Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 160

 

Арал айыл өкмөтүнүн аскердик – эсепке алуу столунун инспекторлорунун кайрылуусун кароо

 

Арал айыл өкмөтүнүн аскердик - эсепке алуу инспекторлорунун Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын коюлган талаптарына ылайык, түзүлгөн сметага боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражаттын кароо жөнүндөгү кайрылуусункарап жана талкуулап чыгып,Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын коюлган талаптарына ылайык Арал айыл өкмөтүнүн аскердик - эсепке алуу инспекторлоруна керектүү жабдууларды алууга жана жазгы жана күзгү аскерге чакыруу убагында аскерге чакырылуучуларды чакырылган мезгилде баруусун камсыз кылууга керектелүүчү жол чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин 2215-беренесиндеги социалдык иш-чаралар бөлүмүнөн 24 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.С.Кыдыров