АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2023-жылдын 3-февралындагы № 162
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айыл тургуну Молдалиев Мараттын Касен уулу Жолдошкан атындагы мечиттин чыгыш тарабынан автоунаа оңдоочу жана майлоочу жай курууга жер бөлүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл тургуну Молдалиев Мараттын автоунаа оңдоочу жана майлоочу жай курууга сураган жер тилкеси мал айдоочу жер катары айыл тургундары пайдалангандыктан канааттандырылбасын.
2. Арыздын жообун кызыкдар тараптарга жеткирүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.С.Кыдыров |