Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 165

 

Жайыт салыгынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө

Жайыт комитетинин төрагасы Рысалиев Темиркулдун айылга жакынкы аралыктагы жайыттарды оңдоо үчүн уйларга салыктын тарифин чектеп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:

 

Арал айылдагы жай мезгилинде бадада жайылуучу жана жакынкы сарайларда калган уйларга бир жылга 86 сомдон жайыт салыгы белгиленсин.

Чогултулган акча каражаты жакынкы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоп түзөөгө ж.б. жайыттарды жакшыртуу иштерине максаттуу жумшалсын.

Токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасынан суралсын.

 

 

Төрага

 

А.С.Кыдыров