АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2023-жылдын 3-февралындагы № 167
Станциялар жайгашкан жер тилкелеринин айыл өкмөтүнө тиешелүүлүгүн аныктоо жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы Рысалиев Темиркулдун Суусамыр жайлоосундагы Ала-Бел конушундагы айыл өкмөтүнө тиешелүү жерге жайгашкан Билайн компаниясынын станциясы жайгашкан жер тилкесин жана айыл аймагындагы Ой-Чилик, Суужарма өзөндөрүндө станциялар жайгашкан жер тилкелеринин айыл өкмөтүнө тиешелүүлүгүн аныктап, токтом чыгарып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы токтом кылат:
1. Билайн ж.б компаниялардын станциялары орнотулган жер тилкелеринин айыл өкмөтүнө тиешелүүлүгү аныкталып, КР мыйзам талаптарынын негизинде токтом чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасынан суралсын.
Төрага |
| А.С.Кыдыров |